Ошто бош жаткан аймак жаңы эс алуу жайына айланууда

Аймак 12 11 Август 2026 17:15
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Ош шаарында буга чейин пайдаланууга ыңгайсыз жана бош жаткан аймакты көрктөндүрүп, шаар тургундары үчүн жаңы эс алуу жайын түзүү иштери жүрүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, долбоордун алкагында аймак жашылдандырылып, балдар үчүн оюн аянтчасы, шахмат ойноочу атайын орун жана велосипед жолу курулууда.

Ошондой эле эс алуу багында коомдук ажаткана салынып, коопсуздукту камсыз кылуу максатында видеокөзөмөл камералары орнотулат.

"Учурда курулуш жана көрктөндүрүү иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Жумуштарды ушул айдын аягына чейин аяктап, жаңы эс алуу жайын шаар тургундарынын пайдалануусуна берүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.