Ошто борбордук көчөнүн айланасы иретке келтирилет

Аймак 138 19 Август 2026 15:45
copyright icon WWW

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсү жаңыланып, айланасы иретке келтирилет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул багыттагы иштерди уюштуруу максатында мэр Жанарбек Акаев жаңы курулуп жаткан Ош мамлекеттик университетинин клиникасынын аймагында көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйында клиниканын айланасындагы эски жана башаламан жайгашкан объектилерди алып салуу, көчөнүн жалпы көрүнүшүн жакшыртуу маселелери талкууланды.

Алдыда Курманжан датка көчөсүндө тазалыкты камсыз кылуу, жашылдандыруу жана заманбап шаардык чөйрө түзүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Жооптуу кызматтарга тиешелүү тапшырмалар берилди.