Ошто бир катар жаңы объекттер пайдаланууга берилет

Аймак 24 Август 2026 16:50
WhatsApp_Image_hGv4_t3xuN2n.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 28-августунда Ош шаарында бир катар жаңы объекттер пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.

Анын ичинде:

  • Ак-Буура дарыясынын жээгине салынып жаткан сейил бак;
  • Төлөнов көчөсү;
  • Курманжан датка көчөсү;
  • Алымбек датка эс алуу багындагы бийлөөчү заманбап фонтан.

Белгиленгендей, бул күнгө карата шаар тургундары жана коноктору үчүн майрамдык программа да уюштурулат.