Ошто бир катар курулуш объекттеринде иштер эки нөөмөт менен жүрүүдө

Аймак Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 09:15
WhatsApp Image 2026-07-06 at 11.40.38 (1).jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Ош шаарында бир катар ири курулуш объектилеринде иштер эки нөөмөт менен жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Монуев көчөсүндө жер алдынан өтүүчү жөө өтмөктүн курулушу уланууда.

Мындан тышкары, Алымбек Датка атындагы эс алуу багында заманбап фонтан куруу иштери да эки нөөмөттө кызуу жүрүп жатат.

Ошол эле учурда Ош көчөсүн реконструкциялоо иштери түнкү убакта да үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Белгиленгендей, курулуш иштерин эки нөөмөт менен уюштуруунун негизги максаты – объектилерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүп, шаар тургундарынын пайдалануусуна мүмкүн болушунча эртерээк берүү.