Ошто билим менен ишти айкалыштырган колледж ишке кирди

Билим Загрузка... 10 Октябрь 2025 16:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.10.2025. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин Индустриялдык-педагогикалык колледжи жаңы форматта иштей баштады. Колледж заманбап жабдуулар менен камсыздалып, билим берүү менен иштөөнү айкалыштырган окутуу системасын киргизди. Бул тууралуу аталган колледждин директору Мирланбек Манашов билдирди.

WhatsApp Image 2025-10-10 at 14.25.47.jpeg

Анын айтымында, долбоор Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ишке ашкан. Жалпысынан 68 миллион сом инвестиция тартылып, анын алкагында заманбап окуу корпусу, жатаканалар, окуу каналары жана керектүү техникалык жабдуулар алынган.

WhatsApp Image 2025-10-10 at 14.25.48.jpeg

“Колледжде жети адистик боюнча билим берилет. Бул адистиктердин бардыгы Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланды. Биздин негизги максат улуттук жана эл аралык стандарттарга жооп берген, заман талабына шайкеш кесиптик көндүмдөргө ээ компетенттүү адистерди даярдоо. Колледж Кыргызстанда жана дүйнөлүк деңгээлде таанылган, атаандаштыкка жөндөмдүү окуу жай болууну көздөйт”, - деди Манашов.

WhatsApp Image 2025-10-10 at 14.25.48 (2).jpeg

Ал белгилегендей, колледждин миссиясы - өлкөнүн жана региондун социалдык-экономикалык муктаждыктарын эске алуу менен сапаттуу кесиптик билим берүүнү камсыз кылуу.

WhatsApp Image 2025-10-10 at 14.25.48 (3).jpeg

Колледждин негизги милдеттери төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Коомдун жана өлкөнүн талаптарына жооп берген орто кесиптик адистерди даярдоо;
  • Материалдык-техникалык базаны үзгүлтүксүз өнүктүрүү;
  • Билим берүү процессин мамлекеттик стандарттарга ылайык жүргүзүү;
  • Жумуш берүүчүлөр жана кызыктар тараптар менен социалдык өнөктөштүктү бекемдөө;
  • Бүтүрүүчүлөрдү эмгек рыногунда ийгиликтүү жайгаштырууга көмөктөшүү жана студенттердин өзүн-өзүн каржылоого шарт түзүү.

Колледждин студенти Сезим Нурманбетованын айтымында, колледжде окуу менен бирге иштөөгө да шарт түзүлгөн.

WhatsApp Image 2025-10-10 at 14.25.48 (4).jpeg

“Учурда медициналык халаттарды тигип жатабыз. Окуумдун контрагынын суммасы 25 миң сомду түзөт. Окуудан сырткары иштеп, бир айда 25 миң сомдун тегерегинде акча табам. Демек, окуу акысын өзүбүз төлөп, үй-бүлөбүзгө да жардам бере алабыз. Колледждин негизги максаты – студенттерди өз алдынча жашоого жана кесипке ээ болууга үйрөтүү”, - деди ал.