Ошто баңгизат сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби Загрузка... 14 Апрель 2026 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ИИМ

Бишкек, 14.04.26 /Кабар/.Ош шаарында баңгизат сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери баңгизат сатуу менен алектенген 1976-жылы туулган А.И.Т. аттуу жарандын жанынан “гашиш” баңгизатын табышкан. Ошондой эле анын аркасынан 1976-жылы туулган Ш.Н.А. аттуу жаранды кармашкан. Жарандын жашаган дарегине тинтүү жүргүзүлүп, буюмдарды сактоочу кампанын ичинен “гашиш” баңгизаты табылган.

Мындан тышкары, “ТОЗ-8” ок атуучу куралына тиешелүү 7 даана ок-дары жана “АКМ” үлгүсүндөгү автоматтын 3 даана ок-дарылары болгон. Ал эми уктоочу бөлмөсүнөн 49 500 АКШ доллары жана 10 миң сом акча каражаттары табылып, тиешелүү протокол менен алынган.

Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка жарандарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.