Ошто аныкталган холера вибриону коркунучтуу эмес - Саламаттык сактоо министрлиги

Ден соолук Загрузка... 26 Сентябрь 2025 13:40
7.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Ош шаарында, Араван жана Кара-Суу райондорунда аныкталган холера вибриону коркунучтуу эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, пландуу санитардык мониторингдин алкагында аталган аймактарда холера вибриону Vibrio cholerae O1 (серовар Огава) аныкталган, бирок ал авируленттүү — башкача айтканда, адам үчүн коркунучтуу эмес жана классикалык холерадагыдай эпидемиялык потенциалы жок.

Белгиленгендей, эпидемиялык коркунуч жок болгонуна карабастан тиешелүү чаралар көрүлдү:

  • Ош облустук санитардык кызматтары кабардар кылынып, профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүү үчүн тартылды;
  • координациялык органдардын кезексиз жыйындары өткөрүлдү (анын ичинде Ош шаарындагы "Увам" каналы боюнча абал каралды);
  • буга чейин өткөрүлгөн ведомстволор аралык машыгууларда (Ош, "Достук-Автодорожный" СКП) кызматтардын даярдыгы текшерилип, тастыкталган.

Министрлик калк үчүн ичеги-карын инфекцияларынан сактануунун жөнөкөй эрежелери маанилүү бойдон калууда:

  • кайнатылган же бөтөлкөдөгү сууну гана пайдалануу;
  • колду самындап кылдат жууп туруу;
  • жашылча-жемиштерди жакшылап жууп, кайнак суу менен чайкоо;
  • курч ичеги-карын инфекциясынын белгилери (кусуу, ич өткөк) пайда болсо — дароо медициналык жардамга кайрылуу.

"Региондогу эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө. Жарандарды маалыматты расмий булактардан гана алууга жана тастыкталбаган маалыматтарды таратпоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.