Ошто 70 гектар аймакта агроөнөр жай комплекси курула баштады

Аймак
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Ош шаарындагы 69,76 гектар жер тилкесине агроөнөр жай комплекси курула баштады.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, долбоордун алкагында жер тилкеси 30 өзүнчө участокко бөлүнөт.

"Алар фермердик чарбаларга жана ишкерлерге ижарага берилип, эт-сүт багытындагы мал жандыктарын багуу үчүн сарайларды жана эт-сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишканаларды курууга пайдаланылат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, мэрия "Коңур-Жаз" участогунда көлөмү 20 миң куб метр болгон суу кампасын куруп жатат. Ал ишке берилгенден кийин 400 гектар кайрак жерди шарттуу сугат жерине айлантууга жана мал чарбачылыгын тоют менен камсыздоого шарт түзүлөт.