Ошто 10 жаңы мектеп, эстакадалык көпүрө жана IT-шаарча курулууда

Аймак 159 19 Август 2026 10:00
778565338_1567391434859900_686430285132634361_n.jpg
777851945_1567391448193232_8004614976246726523_n.jpg
779816520_1567391148193262_5520188279485530785_n.jpg
778504854_1567390848193292_7928747224028026448_n.jpg
779001404_1567390621526648_2020722707958428385_n.jpg
778173120_1567390531526657_7403315684302591817_n.jpg
778755880_1567391291526581_6225924920283204997_n.jpg
779201213_1567391214859922_4604722298307194349_n.jpg
778963869_1567391454859898_7573540382331953612_n.jpg
778735986_1567391101526600_2500744915468097695_n.jpg
778755874_1567390574859986_6684404620731049935_n.jpg
776776127_1567391108193266_2250454774039553056_n (1).jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Бүгүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев иш сапары менен Ош шаарында болду.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, Орунтаев президенттин тапшырмасы менен курулуп жаткан 10 жаңы мектептин, анын ичинде 275тен 1200 орунга чейинки билим берүү мекемелеринин курулушу жүрүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрө, “Эне-Сай Сити” турак жай комплекси жана “Ош-сити” долбоорунун алкагындагы IT-шаарчанын курулушу жүрүп жатканы белгиленди.

“Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы бир катар маанилүү курулуш объектилериндеги иштер активдүү жүрүп жатат, бир да курулуш токтогон жок. Биз үчүн негизги талап — курулуштун сапатын камсыз кылуу, каражаттын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө жана объектилерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүү”, — деди Нурдан Орунтаев.