ОшМУнун клиникасында 1 күндүк ымыркайдын жүрөгүнө операция жасалды

Ден соолук Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 11:35
GtRCj5IpQRlGEUtIb0xhPb86CDapZbnzlaTGe3z9.jpeg
copyright icon ОшМУ

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) медициналык клиникасында тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн бир күндүк наристеге татаал операция ийгиликтүү жасалды.

Окуу жайдан билдиришкендей, учурда ымыркайдын абалы канааттандырарлык.

Бала төрөлгөндөн кийин эле дарыгерлер анда оор жүрөк кемтигин аныкташкан. Анын өмүрүн сактап калуу үчүн шашылыш чара көрүү зарыл болгон. Адистер кеңешмесинин чечими менен Рашкинд ыкмасы, башкача айтканда баллондук атриосептостомия жасоо чечилген.

Операцияны клиниканын рентгенэндоваскулярдык хирургу Заирбек Сыргаев башында турган адистер тобу жүргүзгөн.

"Рашкинд операциясы – жүрөктүн тубаса айрым оор кемтиктеринде колдонулуучу минималдуу инвазивдүү процедура болуп саналат. Бул ыкмада дене кесилбей, сан же киндик венасы аркылуу атайын катетер жүрөккө жеткирилет. Катетердин учундагы кичинекей баллон жүрөктүн оң жана сол дүлөйчөлөрүнүн ортосундагы тешикти кеңейтүүгө жардам берет. Натыйжада кан айлануу жакшырып, организмге кычкылтектин жетиши жогорулайт", –дейт Сыргаев.

Ушул эле ыкма менен салмагы бар болгону беш килограмм болгон 10 айлык наристеге, эки айлык ымыркайга да операция ийгиликтүү жасалган.