ОшМУ менен Түндүк Америка университети кош дипломдуу билим берүүнү макулдашты

Билим 14 Май 2025 17:00
pOKe6pKfZr4vVwXZKsSUZK47TfAFDj6WBrXMFa48 (1).jpeg
yI4McGfIYX1Zgh7MAtQsqvylHViwJ3BMBwBFbkSc.jpeg
ruTGVds310Mfg0qlzVeay0Jg24ZTIyib6VsrcKq5.jpeg
rlLuw0rImeAEsXgwHXJGPNW9RluyGiy95xAJpMzg.jpeg
zD8sSK6XgaHBzwBN5dZSYIdUOvZsdSLFmmKA8uhF.jpeg
7IzalK4voX9h8N2tOvx2cs0U8QGot3ptrRT23Mq5.jpeg
dEQWIoUP57Ky00RguDOspJP5PNqtmkFd2eC3FOhy.jpeg
GreT0PnA1NNtU3L4vJA4a0K0cjnylLC4qwvGKu5P.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon ОшМУ

Бишкек, 14.05.25. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) делегациясы 7-9-майда АКШнын Түндүк Америка университетинде өткөн эл аралык конференцияга катышты.

Окуу жайдан билдиришкендей, анда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү жолугуп, тажрыйба алмашып, кызматташтыкты өнүктүрүү багыттарында макулдашууларга жетишти.

Иш-чаранын алкагында Түндүк Америка университети менен биргеликте 1+1 кош дипломдуу программаны ишке ашыруу максатында жана 2+2 бакалавр кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюлду.

Анын алкагында эки университеттин ортосунда экономика, менеджмент, компьютердик билим берүү багыттары боюнча кош дипломдуулук программалары ишке ашат.

Иш сапардын алкагында делегация NASA агенттигинде да болушту.

NASA – АКШнын аэрокосмостук изилдөөлөр боюнча мекемеси болуп саналат. Ал космостук миссияларды, илимий изилдөөлөрдү жана технологиялык инновацияларды ишке ашырган дүйнөлүк алдыңкы агенттик.