ОшМУ кытайлык компаниялар менен биргелешкен ишканаларды ачууну пландоодо

Аймак 1313 29 Апрель 2025 09:06
TFwVua2uBmadLis7yjuoXgBANTXMld2U4IBHnsCu.jpeg
WKloyL0k9q1gLVBjej64hrDDhYFfS916wGsKx0Mn.jpeg
qRNmAWxZiz7Tj0dbtz99qTSSsIvb5pFgczayHDCM.jpeg
g2wVCDcQBt6aXjGJsr2khSvCfYpTqFWFmFSOKg76.jpeg
5gEk0Qk8f0hdLGOG2ttWdobefX9rFvugQ9j4hkPF.jpeg
3mpsSv4xlh28uOQDRN3dNyBISLBpsXfzJO5k0BJU.jpeg
Алдыга
Артка
TFwVua2uBmadLis7yjuoXgBANTXMld2U4IBHnsCu.jpeg
WKloyL0k9q1gLVBjej64hrDDhYFfS916wGsKx0Mn.jpeg
qRNmAWxZiz7Tj0dbtz99qTSSsIvb5pFgczayHDCM.jpeg
g2wVCDcQBt6aXjGJsr2khSvCfYpTqFWFmFSOKg76.jpeg
5gEk0Qk8f0hdLGOG2ttWdobefX9rFvugQ9j4hkPF.jpeg
3mpsSv4xlh28uOQDRN3dNyBISLBpsXfzJO5k0BJU.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon ОшМУ

Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат 28-апрелде Кытайдагы Гуандун провинциясынын Борбор Азиядагы өндүрүш палатасынын жетекчилиги астында келген 11 компаниянын директорлору менен жолукту.

Окуу жайдан билдиришкендей, апрель айынын башында Кожобеков баштаган делегация Кытайга болгон иш сапарында аталган провинциянын Борбор Азиядагы өндүрүш палатасынын жетекчилиги менен жолугуп, бир нече кытайлык ири компанияларда болушкан.

Анда ОшМУнун алдыдагы билим берүү, илим изилдөө, өндүрүш багыттарында пландары менен тааныштырган. Жолугушуунун алкагында компаниялар кызматташууга кызыктар экенин билдиришкен.

Аталган иш сапарга жооп иретинде келген делегация ОшМУнун курулуш багытында жасалып жаткан ири долбоорлору, курулуш иши жүрүп жаткан медициналык клиникасы менен таанышты. Тараптар бир нече жаңы долбоорлордумишке ашыруу, 4.0 муундагы университетке айлануу жолунда биргелешкен ишканаларды ачуу пландарын талкуулап, кызматташуунун жол-жоболорун аныкташты.

Алдыда Гуандун провинциясындагы компаниялар менен кызматташуу келишимдери түзүлөрү макулдашылды.