ОшМУ экология багытында үч меморандумга кол койду

Аймак 1237 07 Март 2025 17:29
e5eff395-d579-4afe-837e-0dd9c582de78.jpg
d66c37c9-e99c-4688-8227-ff41a0b4186f.jpg
b1c44259-a2ca-40f6-bbcd-2503020a48fe.jpg
3172147b-c47d-4f28-b530-db31c1297ee5.jpg
49850c5c-ae67-49fb-99c0-1332305e0783.jpg
16ec3c7c-0651-4b45-8541-7d32fd94d71d.jpg
Алдыга
Артка
e5eff395-d579-4afe-837e-0dd9c582de78.jpg
d66c37c9-e99c-4688-8227-ff41a0b4186f.jpg
b1c44259-a2ca-40f6-bbcd-2503020a48fe.jpg
3172147b-c47d-4f28-b530-db31c1297ee5.jpg
49850c5c-ae67-49fb-99c0-1332305e0783.jpg
16ec3c7c-0651-4b45-8541-7d32fd94d71d.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ОшМУ

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Ош мамлекеттик университети бүгүн, 7-мартта Ош токой чарбасы, жеке ишкер Кожомкулов Рамазан менен “Инновациялык питомник” түзүү, “Сулайман-Тоо музей коругу менен” “Суйлайман-Тоо парк” долбоорунун алкагында кызматташуу, “ОшМУ – Арсланбап Эко” биргелешкен этно экотуризмди өнүктүрүү жана өндүрүштүк иштерди жүргүзүү боюнча меморандумдарга кол койду. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Инновациялык питомник” түзүү боюнча меморандумдун алкагында ОшМУ көчөттөрдү Ош шаарына жана түштүк аймагына жеткирип берет. Муну менен жашылдандыруу жана экологияны жакшыртуу ишине салым кошот.

“Суйлайман Тоо парк” долбоорунда тоонун айланасына экологиялык жактан туруктуу көчөттөрдү отургузуп, аймакты жашылдандыруу боюнча иш алып барат. Окуу жай бул багытта атайын питомниктерди түзүп, көчөттөрдү калыбына келтирүү иштери менен экологиялык абалды жакшыртууга көмөктөшөт.

“ОшМУ – Арсланбап Эко” меморандум боюнча тараптар Арстанбап аймагынын экологиясын калыбына келтирүү жана сактоо үчүн биргелешкен иштерди жүргүзөт.

“Бул иштер өлкө башчысынын тоо экосистемасын коргоо демилгесине ылайык ишке ашырылып жатат. Ошол эле учурда ОшМУда ЖОЖ – илим – өндүрүш – коммерциализация багытында жалпы миссиябызга да туура келет”, -дейт окуу жайдын "Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар" консалтинг борборунун директору Абдыжапар Аккулов.