ОшМУнун борборунда өстүрүлгөн пекин өрдөктөрү сатыкка чыкты

Коом 6 октябрь 2026 15:40
ОшМУнун борборунда өстүрүлгөн пекин өрдөктөрү сатыкка чыкты
copyright icon ОшМУ

Бишкек, 06.10.26. /Кабар/. ОшМУнун ТооЭкоКонсалтинг борбору Курбу-Таш аймагында пекин өрдөктөрүн өстүрүү боюнча ийгиликтүү тажрыйба жүргүзүп жатат.

Окуу жайдын маалыматына ылайык, учурда жергиликтүү тургундар менен биргеликте төрт айлык миңге жакын өрдөк багылып, аларды сатуу башталды.

Тирүү өрдөктөр жумуртка алуу үчүн 700 сомдон, ал эми эт багытында союлуп тазалангандары 600 сомдон сатылууда. Долбоордон түшкөн каражат биринчи кезекте чыгымдарды жабууга, кийинки жылы ишти улантууга жана университеттин кызматкерлери менен бөлүштүрүүгө жумшалат.

Адистердин айтымында, бул демилге климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жардам берген чарба жүргүзүүнүн альтернативдүү түрлөрүн жайылтып, айыл жеринде жаңы киреше булактарын түзүүгө багытталган.