Ош менен Наманган кызматташат: Самарканддагы форумда меморандумга кол коюлду

Аймак 27 Июль 2026 14:15
758706980_1382842684034625_3397038090709287364_n.jpg
756342530_1382842924034601_7370684000194225490_n.jpg
753702312_1382842880701272_5170522763020717755_n.jpg
755646573_1382842640701296_856240590248807865_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Ош шаарынын делегациясы Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн боордош шаарлардын эл аралык форумуна катышты. Иш-чарага Өзбекстан, Кыргызстан, Түркия, Япония, АКШ, Франция жана Россиянын муниципалитеттери, эл аралык уюмдар жана бизнес өкүлдөрү чогулду.

Мэриядан билдиришкендей, форумдун алкагында Ош менен Наманган шаарларынын ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык, билим берүү, маданият жана спорт тармактарында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев бир катар чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жолугушуп, инвестиция тартуу, туризмди өнүктүрүү жана шаардык башкарууну санариптештирүү боюнча биргелешкен долбоорлорду талкуулады.