Ош жана Чүй облустарында жол иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө

Аймак 1665 20 Февраль 2025 11:26
5058188d-25e4-4edc-87fd-0f59d48f9028.original.jpg
4f498abb-706f-4e62-befe-da680728a546.original.jpg
bf5a30d3-5ac6-44ca-a7b0-9aa29ebbd832.original.jpg
84264417-a6e3-446d-a8a4-adecc11f983c.original.jpg
43353323-5ef7-4d44-8a45-4ec46caa582b.original.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Ош жана Чүй облустарында жол иштери тынымсыз жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, № 44 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Тоо-Моюн-Араван унаа жолунда грейдер менен жолдун жээгин калыбына келтирүү жумуштары аткарылды.

Ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай районунда Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда №16 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кызматкерлери тарабынан атайын техникалар менен жолду кардан тазалоо иштери жүрүп жатат.

Кошумчалай кетсек, Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак-Бейшеке унаа жолунда №32 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жол белгилерин орнотуп, жол жээгиндеги куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу иштерин жүргүзүүдө.