Ош жана Баткен облустарында баңгизат тараткан канал токтотулду

Укук тартиби Загрузка... 24 Февраль 2025 15:34
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Ош жана Баткен облустарында баңги затын таратуучу канал токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-февралда УКМК менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын биргелешкен ыкчам иш-чарасынын натыйжасында, козголгон кылмыш ишинин алкагында өзгөчө ири өлчөмдө баңги затын сактоого жана сатууга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган.

Тактап айтканда, 1988-жылы туулган А.А.Н. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ош облусунун аймагында баңгизат сатуу менен алектенгени аныкталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө контролдук сатып алуулар жүргүзүлдү. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат жалпы салмагы 1 килограммга жакын гашиш болуп чыкты.

Ушул жылдын 17-февралында биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү Баткен шаарынын аймагында кармалып, КР Жаза-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.