Ош, Өзгөн жана Кара-Кулжада жаңы ооруканалар курулууда

Ден соолук 100 14 Август 2026 15:15
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
Алдыга
Артка
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
image4.jpg
image5.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Ош, Өзгөн жана Кара-Кулжада жаңы ооруканалар курулууда.

Жогорку Кеңештен билдиришкендей, депутат Гүлнара Баатырова медициналык мекемелердин курулуш иштери менен таанышты.

Алгач эл өкүлү Ош шаардык клиникалык ооруканасынын 300 орунга ылайыкталган, үч кабаттуу жаңы имаратынын курулушунан кабар алды. Андан соң Өзгөн районундагы 350 орундуу жаңы оорукананын курулуш жумуштарын жана Кара-Кулжа районундагы 100 орундуу оорукананын долбоорун жеринен көрдү.

Гүлнара Баатырова жүргүзүлүп жаткан иштерге жогору баасын берип, акыркы убактарда мамлекет тарабынан саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.