Ош токсикологиялык лабораториясы эл аралык каттоодон өттү

Аймак 207 19 Август 2026 16:15
WhatsApp Image 2026-08-19 at 14.08.40.jpeg
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. Ош шаарындагы адистештирилген көзөмөл-токсикологиялык лаборатория эл аралык ISO/IEC 17025:2017 стандартынын талаптарына ылайыктыгын ийгиликтүү тастыктап, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк алды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, лабораторияда жер семирткичтер, топурак, суу жана өсүмдүк продукцияларындагы пестициддер менен агрохимикаттардын калдыктары изилденет.

Аккредитация лабораториянын техникалык компетенттүүлүгүн, жүргүзүлгөн сыноолордун сапатын жана алынган жыйынтыктардын ишенимдүүлүгүн тастыктайт.