Ошто таштанды заводу 2027-жылы ишке берилет. Келишимге кол коюлду

Аймак 09 Февраль 2026 17:50
1763115979.width-80.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
631423765_1244575934527968_5071917321408320781_n.jpg
Алдыга
Артка
1763115979.width-80.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
631423765_1244575934527968_5071917321408320781_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Ош шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү завод курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, концессиялык келишимге мэр Жеңишбек Токторбаев жана Кытайдын “Цзюньсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест” компаниясынын жетекчиси Дай Даого кол койду.

Келишимдин алкагында курула турган завод жылына 310 миң тоннага чейин таштандыны утилдештирип, электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Завод экологиялык талаптарга толук жооп берип, айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбайт.

Жакынкы күндөрү объекттин курулушуна мезгил кутусу салынары айтылды.
Заводду 2027-жылдын аягында ишке берүү пландалууда.