Ош шаарынын "Жылуулук камсыздоо" ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 14 Апрель 2025 13:56
490754200_1010438837941680_2512514384629760668_n.jpg
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Аттокуров Жумашбек Камчыбекович Ош шаарынын "Жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кол койду.

Аттокуров Жумашбек Камчыбекович буга чейин Ош жылуулук электр борборунда катардагы жумушчудан, электро цехтин жетекчиси болуп иштеген.