"Кыргыз көмүр" ишканасы кышкы жылытуу сезонунда планды ашыгы менен аткарды

Коом Загрузка... 07 Март 2025 19:54
WhatsApp Image 2025-03-07 at 19.34.53.jpeg
copyright icon "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы 2024-2025 кышкы жылытуу сезонунда планды ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында, сезондо 950 мин тонна көмүр казуу милдети коюлса, план ашыгы менен аткарылып жалпысынан 1 млн 491 миң тонна көмүр казылган. Муну менен катар ишкана былтыр жылды 333 млн сом киреше менен жыйынтаган.

“Жумуш орундарын кыскартуу, кирешени үнөмдөө менен ушундай көрсөткүчтөргө жеттик. Ал эми быйылкы жаңырган жылдын алгачкы эки айында аталган көмүр кенинде 165,6 миң тонна көмүр казылса, 306 миң куб топурак кыртышын ачуу иштери жүргүзүлдү”,-деди ал.