Ош шаарынын мэринин үч орун басары кызматтан кетти

Кадрлар жана дайындоолор 19 февраль 2026 14:30
Ош шаарынын мэринин үч орун басары кызматтан кетти
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин үч орун басары кызматтан кетти. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин төмөнкү орун басарлары өздөрүнүн арызына ылайык, ээлеген кызматтарынан бошотулду:

  • Адилет Шаршеналы уулу — мэрдин биринчи орун басары;
  • Мирлан Казыбай уулу — мэрдин орун басары;
  • Сонунбек Жунусбаев — мэрдин орун басары.