Ош шаарынын мэри сел кооптуулугу бар аймактарды кыдырды

Коом Загрузка... 13 Март 2025 09:13
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаардык мэриясы

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Ош шаарынын мэри менен ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Ош шаарындагы сел кооптуулугу бар аймактарды кыдырышты.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, кооптуу деп табылган Жапалак, Төлөйкөн айыл аймактарындагы ошондой эле, Алымбек датка, Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыктарындагы сел каналдардын, көпүрөлөрдүн жана Тотоев көчөсүндөгү кооптуу жайгашкан 13 үйдүн абалын көрүп чыгышты.

Шаар башчысы жеринде тез аранын ичинде жаан-чачындар башталганга чейин сел кооптулугун жоюу, толуп калган сел каналдарды тазалоо боюнча бир катар тапшырмаларды койду.