Ош шаарында Курманжан датка көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды. Себеби

Аймак 180 18 Август 2026 11:00
711588297_3859436720866165_4302553358743427871_n.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. 18-19-август күндөрү Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүнүн Аматов көчөсүнөн Жиннах көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган көчө жол куруу иштерине байланыштуу жабылды.

Аталган тилкеде жолдун асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу коомдук транспорттордун, троллейбустардын жана башка унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет.

Мэрия унаа ээлеринен убактылуу ыңгайсыздыктарды туура кабыл алып, сапар багыттарын алдын ала пландап алууну жана жол белгилеринин талаптарын сактоону суранат.