Ош шаарындагы тергөө абагынын имараты музейге айланат — Кабар

Ош шаарындагы тергөө абагынын имараты музейге айланат

Аймак 10 август 2026 15:40
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Ош шаарындагы тергөө абагынын имараты музейге айланат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы Жанарбек Акаев тергөө абагы жайгашкан имарат шаар сыртына (Отуз-Адыр айылына) чыгарыларын айтып, эски орду музей катары кызмат кыларын билдирди.

Белгилей кетсек, шаардагы бул тарыхый имаратты Алымбек датка менен Курманжан датканын уулу Камчыбек 1890-жылдары кербен сарай катары курдурган.