Ошто медициналык мекемелерде өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Аймак 1588 26 Февраль 2025 10:07
481250197_1034449782061081_8754137469223824337_n.jpg
481118988_1034449822061077_8156824797988291552_n.jpg
Алдыга
Артка
481250197_1034449782061081_8754137469223824337_n.jpg
481118988_1034449822061077_8156824797988291552_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Ош шаарындагы медициналык мекемелеринде өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, күн мурун ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош облустук патологиялык-анатомиялык бюросунун кызматкерлерине өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча сабактар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мекеменин кызматкерлерине электр жабдыктарын, колдонуудагы өрт коопсуздугун ошондой эле алгачкы өрт өчүрүү шаймандарынын оң абалда болуусу тууралуу нускамалар таратылып, колдонуу мүнөздөмөлөрү менен тааныштырылды.

Белгилей кетсек, учурда республиканын аймагында медициналык мекемелердин өрт коопсуздугун текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар жүрүүдө.