Ош шаарындагы базарларда эттин баасы көзөмөлдөнөт - мэрия

Аймак 20 Февраль 2025 14:21
myaso.jpg
481126682_967117022273862_1857548710934433107_n.jpg
480482740_967117248940506_498117966390196112_n.jpg
480528441_967117142273850_2685769472427124786_n.jpg
480528969_967117012273863_5553435327763744178_n.jpg
480556237_967117118940519_1515548718153873777_n.jpg
480562260_967117018940529_4820173536276682777_n.jpg
480999268_967117138940517_6029134476047193642_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында шаарда сатылып жаткан эттин баасын арзандатуу боюнча жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ага Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Мурат Иманкулов, аталган кызматтын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн, шаардык ветеринардык башкармалыктын, Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын, мэриянын тийиштүү кызматкерлери жана эт сатуучу жайлардын ээлери катышты.

Мурат Иманкулов этке болгон бааны көтөрүлүшү жарандарга оордук алып келээрин айтып, 20-30 сомго арзандатууну сунуштады.

Жыйында касапчылар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алардын ой-пикирлери угулуп, этке болгон баа малдын эти 630 сомго чейин, ал эми кой этин 640 сомго чейин гана сатылуусу белгиленди.