Эттин баасын 770 сомдон ашырбоо чечими кабыл алынган – Акунбеков

Коом 14 октябрь 2026 17:35
Эттин баасын 770 сомдон ашырбоо чечими кабыл алынган – Акунбеков

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда эттин баасын төмөндөтүү максатында малды экспорттоого 6 айлык мораторий киргизилип, Бишкекте этти 680 сомдон саткан 10 фудтрак пилоттук режимде ишке киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Россиядан мал алып келип, жол чыгымдарын кошкондон кийин да базар баасынан арзан сатылууда. Бул чаралардын натыйжасында малдын баасы бир аз төмөндөгөн.

"Бул аракеттердин эсебинен эт дагы арзандайт деген планыбыз бар. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы эттин баасын 770 сомдон ашырбоо боюнча чечим кабыл алган", — деди министр.

Ал белгилегендей, эттин баасын төмөндөтүүдө керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгы менен катар мал чарбачылыгы менен алектенген дыйкандардын да абалын эске алуу зарыл.

"Эттин баасын арзандатып, шаар тургундары үчүн жеңилдик түзгөнүбүз менен дыйкандарга да бир топ түйшүк жаралышы мүмкүн. Ошондуктан малдын баасы арзандаш үчүн биринчи кезекте жемдин баасын төмөндөтүү керек. Бул багытта иштер жүрүп жатат. Мындан тышкары, жеңилдетилген насыя берүүнүн эки багыты бар, ошол аркылуу мүмкүнчүлүккө жараша каржылоо жүргүзүлүүдө", — деди Эрлист Акунбеков.

Министрдин маалыматына караганда, эттин баасын жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында товардык интервенция жана жеңилдетилген насыя берүү чаралары да каралган.