Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча коллегия мүчөсү (министр) Гоар Барсегяндын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү багыттында ЕЭК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер сүйлөшүлүп, өзгөчө өнөр жай жана агроөнөр жай тармактарын өнүктүрүү, өндүрүш кооперацияларын чыңдоо маселелери каралды.
Эрлист Акунбеков ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн ЕАЭБ алкагында кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолду.
Ал белгилегендей, агроөнөр жай комплекси тармагындагы кызматташуу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуунун өзөгү болуп эсептелет.
Гоар Барсегян өз кезегинде Кыргызстандын өндүрүш секторун жана агрардык экономикасын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерин колдоого ЕЭК даяр экенин билдирди.
Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тарабынан агроөнөр жай комплекси тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду тандоо жана аларды ишке ашыруу үчүн каржылык колдоо көрсөтүү жөнүндө жобонунун алкагында мындан аркы кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланды.