Акунбеков: Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 5 жылда эки эсеге өстү

Министрлер кабинети 15 октябрь 2026 17:30
6ad0b07885a58 (1).jpeg
6ad0b0bdcae0e.jpeg
6ad0b0bd3c514.jpeg
6ad0b0b60fa8b.jpeg
6ad0b0ac90b4f.jpeg
6ad0b0ac52b34.jpeg
6ad0b0abd9e74.jpeg
6ad0b0ab84c76.jpeg
6ad0b0aaf0faf.jpeg
6ad0b0aac150f.jpeg
6ad0b088758dd.jpeg
6ad0b084515c5.jpeg
6ad0b07fc55c1.jpeg
Алдыга
Артка
6ad0b07885a58 (1).jpeg
6ad0b0bdcae0e.jpeg
6ad0b0bd3c514.jpeg
6ad0b0b60fa8b.jpeg
6ad0b0ac90b4f.jpeg
6ad0b0ac52b34.jpeg
6ad0b0abd9e74.jpeg
6ad0b0ab84c76.jpeg
6ad0b0aaf0faf.jpeg
6ad0b0aac150f.jpeg
6ad0b088758dd.jpeg
6ad0b084515c5.jpeg
6ad0b07fc55c1.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "EXPO Евразия Кыргызстан 2026" экинчи эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө жана "Кыргызстан EXPO 2026" эл аралык көп тармактуу көргөзмөсүнө катышты.

Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кыргыз Республикасынын өнөр жайы оң динамиканы көрсөтүп жатканын билдирди.

"Акыркы беш жылдын ичинде өлкөдө өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү эки эседен ашыкча өстү. Анын көлөмү 2021-жылы 4,024 миллиард доллар болсо, 2025-жылы 9,014 миллиард долларга жетти. Маселен, 2024–2025-жылдары Кыргызстанда жалпы инвестициялык көлөмү 1,5 миллиард доллардан ашкан 221 өнөр жай объектиси ишке киргизилди. Өнөр жай саясатын жигердүү ишке ашыруу 2026-жылы да улантылып, 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландаштырылууда. Бүгүнкү күнгө карата 66 өнөр жай объектиси ишке киргизилди. Бул көрсөткүчтөрдүн артында жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктар, жумуш орундарын түзүү, заманбап технологияларды киргизүү жана жаңы өнөр жай компетенцияларын өнүктүрүү турат.
Ошол эле учурда, биздин максатыбыз — жөн гана ишканалардын санын көбөйтүү эмес. Кыргызстан ички суроо-талапка, ошондой эле чет мамлекеттердин рынокторуна багытталган өндүрүш ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Кыргызстан инвестициялык климатты жакшыртууга жана ишкердик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган ырааттуу саясатты жүргүзөт. Өлкө мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын жогорулатууга жана административдик тоскоолдуктарды азайтууга багытталган бир катар институционалдык жана экономикалык реформаларды ишке ашырды", - деп билдирди Эрлист Акунбеков.

Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө Кыргызстан, Россия, Кытай, Түркия, Өзбекстан жана Пакистан сыяктуу бир катар мамлекеттердин 100гө жакын өндүрүштүк компаниялары катышууда.

Кыргыз Республикасынан экономиканын ар түрдүү тармактарындагы, анын ичинде курулуш, өндүрүш, энергетика, транспорт жана логистика, каржы, айыл чарба жана тейлөө чөйрөлөрүндөгү ата мекендик ишканалар өздөрүнүн продукцияларын көргөзмөгө койду.

Үстүбүздөгү жылдын 15-17-октябрь күндөрү боло турган көргөзмөнүн алкагында кеңири ишкердик программасы, анын ичинде Бишкек бизнес-форуму, тармактык тегерек столдор, эки тараптуу B2B жолугушуулар, ошондой эле инвестициялык жана өнөр жай долбоорлорунун бет ачарлары өткөрүлөт.

Мындай масштабдуу иш-чаранын максаты – эл аралык өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүүгө, кыргызстандык ишканалардын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, инвестиция тартууга жана ишкерлердин ортосунда түз бизнес-байланыштарды орнотууга өзгөртүү киргизүү.