Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн таң эрте тиешелүү кызмат жетекчилери менен биргеликте Алиев жана Кара-Суу көчөлөрүн кыдырды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар башчысы жеринде көчөнүн жалпы көрүнүшүн жаңылоо боюнча, анын ичинде тротуарларды ачуу, мыйзамсыз соода объектилерди, тосмолорду жана чатырларды бузуу, кээ бир курулуштарды оңдоп-түзөө боюнча тапшырмаларды берди.
Ошондой эле мэр аталган көчөлөрдү көрктөндүрүүгө жана жашыл аймактар менен аллеяларды көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бөлүү керектигин белгиледи.
Аны менен бирге аталып кеткен маселелер боюнча калк арасында түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү тапшырылды.