Ош шаарында жаңы көпүрөлөр курулат

07 Февраль 2025 16:00
476805546_957943236524574_1629468657834569846_n.jpg
475844037_957944553191109_2137144941985143969_n.jpg
475873644_957942373191327_5204354974721691379_n.jpg
475892004_957942879857943_340008155875417479_n.jpg
475913220_957942706524627_5278103056512756466_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Ош шаарында жаңы көпүрөлөр курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бүгүн Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Ж.Бабараимов көчөсүндө мыйзамсыз жана убактылуу жайгашкан соода-сатык жайлардын ээлерине курулуштарды бузуу боюнча эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул жерде жол Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин көчмө жыйынында берилген тапшырмасына ылайык, унаа тыгынын жоюу жана шаардын жалпы көрүнүшүн жакшыртуу максатында 6 катар унаа бата турган болуп кеңейтилет.

Жумуштардын алкагында, Ж.Бабараимов көчөсүнөн (Вещевой рынок) Мамажан көчөсүнө чейин (Шейит-Дөбө мечити) жана Т.Турсунбаева көчөсүнөн («Зухра» рестораны) Ж.Бабараимов көчөсүн карай эстакадалык көпүрөлөрдү куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу каралган.