Кара-Жыгач – Сары-Челек унаа жолунда жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Коом Загрузка... 10 Июнь 2025 16:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. Кара-Жыгач – Сары-Челек унаа жолунун 3,8-чакырымында жаңы көпүрө пайдаланууга берилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, көпүрө Кара-Суу дарыясынан өтөт.

Курулушу аяктаган көпүрөнүн узундугу 36 метрди, туурасы 10,6 метрди түзөт. Унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 8 метрге кеңейип, жөө жүргүнчүлөр үчүн эки тарабына тротуар курулду. Бардык талаптарга жооп берген көпүрөнүн жүк көтөрүмдүүлүгү 80 тоннага эсептелинип, 4 тарабы бетон менен бекемделди. Ошондой эле кошумча дамба куруу иштери да жүрдү.

Эске салсак, буга чейин колдонулуп келген эски көпүрө 1979-жылы курулган. Ал акыркы жылдары авариялык абалга келгендиктен жаңысын салуу чечими кабыл алынып, курулуш иштери 2024-жылы башталган.