Ош шаарында жаңы эс алуу жайы пайдаланууга берилди

Аймак 15 Май 2025 09:00
497506961_1032567752395455_8134395942280070305_n.jpg
493316696_1032568432395387_6784982513974254606_n.jpg
492715312_1032568712395359_4053858974505665135_n.jpg
492863111_1032568499062047_2041510792003530717_n.jpg
492881078_1032567845728779_1567569539367865639_n.jpg
493478065_1032568645728699_3464796604475099809_n.jpg
494512898_1032568789062018_124589876980326706_n.jpg
496317339_1032568452395385_4094155143985512927_n.jpg
496320513_1032568822395348_7582491927403210785_n.jpg
496533166_1032568759062021_3939729981532577103_n.jpg
497450127_1032568782395352_8121414336566768154_n.jpg
498582788_1032566659062231_4032106932660999462_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 15.05.25. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын Г. Давыдов көчөсүндө (Шейит-Дөбө аймагы) жаңыдан курулган аллеянын ачылышы өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, жергиликтүү тургундар катышып, аллеяны бирге көрүп чыгышты.

Жаңы аллея шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттары менен заманбап талаптарга ылайык курулган. Буга чейин Ош шаарынын мэри таңкы рейддин алкагында каралбай, мал сарайга айланган бул аймакка эс алуу жайын куруу тапшырмасын берген.

Ага ылайык, иретке келтирүү иштери жүргүзүлүп, аллеяга жаңы көчөттөрдү отургузуу менен бирге сугат системасы жана түнкү жарыктандыруу орнотулган. Айланасы тосулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулган.

Шаар мэри жаңы жашыл аймак жашоочулар үчүн үй-бүлөлүк сейилдөө жайы катары кызмат кылып, мындан ары да көрктөндүрүп, таштанды жайына айлантпай таза кармоого чакырды.