Бишкек, 18.04.25 /Кабар/. Ош шаарында тамак-аш коопсуздугу боюнча рейддик иш-аракеттер жүрүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Ош шаарында жугуштуу, жугуштуу эмес оорулардын, тамактан уулануулардын алдын алууда тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ош шаарынын мэриясынын тийиштүү бөлүмүнүн жана санэпид көзөмөлдөө борборунун адистери тарабынан профилактикалык рейддер жүргүзүлүүдө.
Анын алкагында шаардагы коомдук тамактануучу жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, санитардык-ветеринардык, санитардык-техникалык, коопсуздук эрежелердин сакталуусу текшерилүүдө.