Свердлов районунда мал союлуучу жайлар текшерилди

Коом 28 февраль 2025 16:43
myaso-_1_.jpg
480717194_1066305485545305_2905945950720986137_n.jpg
481056870_1066305385545315_5813814411019627711_n.jpg
480861217_1066305442211976_5966694992241127875_n.jpg
481053302_1066305395545314_3632222882669720189_n.jpg
Алдыга
Артка
myaso-_1_.jpg
480717194_1066305485545305_2905945950720986137_n.jpg
481056870_1066305385545315_5813814411019627711_n.jpg
480861217_1066305442211976_5966694992241127875_n.jpg
481053302_1066305395545314_3632222882669720189_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен Свердлов районунун аймагындагы мал союлуучу жайлар текшерилди.

Мэриядан билдиришкендей, жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында муниципалдык администрациянын кызматкерлери Бишкек шаардык ветеринардык башкармалыгы менен биргеликте мал союлуучу жайлардын санитардык абалына текшерүү жүргүзүштү.

Текшерүү учурунда, мал союлуучу жайлар штаттык режимде иштеп жаткандыгы аныкталып, ветеринар союла турган ар бир малдын белгиси менен 1-формадагы маалымкатынын бар жогун текшерди.

Белгилей кетсек, Свердлов районунун аймагындагы Фере, 32 дареги жана Биримдик-Кут 1-көчөсү боюнча эки мал союлуучу жай жайгашкан.

Фере, 32 дарегинде жайгашкан жайда мал союу кызматы көрсөтүлүп, уйдун эти 570 сомдон сатылат. Ал эми Биримдик-Кут конушундагы цехте мал союу гана кызматы көрсөтүлөт.