Ош шаарында көп кабаттуу турак үйлөрдүн короолору жаңыланат

Аймак 04 Август 2026 12:10
1.jpg
2.jpg
763065141_1389286336723593_6941161751365091991_n.jpg
763854150_1389285920056968_8114215162154115820_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
2.jpg
763065141_1389286336723593_6941161751365091991_n.jpg
763854150_1389285920056968_8114215162154115820_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 04.08.26 /Кабар/. Ош шаарынын Кулатов кичи районундагы короолор жаңыланат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мэр Жанарбек Акаев кичи райондогу №20 жана №21 көп кабаттуу үйлөрдүн короо аймактарын жеринен көрүп чыкты.

Ал аталган аймактар толугу менен жаңыланып, жашоочулар үчүн заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу чөйрө түзүлөрүн билдирди.

Долбоордун алкагында көп кабаттуу үйлөргө кирүүчү ички жолдор жана жөө адамдар өтүүчү тилкелер оңдолуп, жашыл аймактар көрктөндүрүлөт. Ошондой эле балдар аянтчалары курулуп, тургундардын эс алуусу үчүн зарыл болгон шарттар уюштурулат.