Бишкек, 09.09.26 /Кабар/. Ош шаарында коомдук транспорттун ишин жакшыртуу жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында бир катар каттамдардын багыттары өзгөртүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.
Мэриянын маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр жүргүнчүлөрдүн сунуш-пикирлерин эске алуу менен киргизилүүдө. Ошондой эле жаңы №1 жана №2 муниципалдык айланма автобус каттамдарын ишке киргизүү пландалууда.
№1 каттамы: Т. Касымбеков көчөсү (Калкты тейлөө борбору) – Б. Осмонов – Жаңы базар – Ак-Тилек айланмасы – А. Мамыров – Амир-Тимур – Г. Айтиев – Курманжан датка – Р. Абдыкадыров – А. Масалиев – И. Раззаков – У. Салиева – Т. Касымбеков көчөсү.
№2 каттамы: Жаңы базар – Ак-Тилек айланмасы – Т. Сатиев – М. Ишматов – М. Куренкеев – Ж. Мамытов – С. Бахапова – Н. Исанов – А. Шакиров – А. Масалиев – Р. Абдыкадыров – Алымбек датка – А. Навои – Г. Айтиев – Жаңы базар.
Мындан тышкары, №10 жана №24 муниципалдык автобустардын, ошондой эле №101, 102, 107, 108, 120, 131, 133, 135, 141, 146, 150 жана 151 кичи автобустук каттамдардын багыттарына өзгөртүүлөр киргизилет.
Айрым каттамдардын акыркы аялдамалары да өзгөртүлөт. Мисалы, №10 автобустун акыркы аялдамасы №177 көчөдөн А. Орозбеков көчөсүндөгү мечиттин алдына жылдырылат.
Ошондой эле №24 автобустун жана бир катар кичи автобустардын кайтарым багыттары кайра каралды.
Ал эми №109 кичи автобустук каттамынын багыты Ош көчөсүндөгү реконструкция иштери толук аяктагандан кийин кайра каралат. Учурда бул каттам боюнча жаңы багыттын долбоору сунушталууда.
Мэрия айрым жаңы багыттар шаардагы жол куруу жана реконструкциялоо иштерине байланыштуу азырынча ишке киргизилбей турганын белгиледи. Жолдор толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилгенден кийин каттамдар бекитилген жаңы багыттар боюнча жүрө баштайт.
Ага чейин коомдук транспорт учурдагы багыттары боюнча каттайт.
Жаңы №1 жана №2 муниципалдык айланма автобустар болсо Ош шаарына жаңы автобустар келгенден кийин каттамга чыгарылат.