Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Ош шаарында кезектеги таштанды ылгоочу аянтчалар ишке кирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Бул ирет турмуш-тиричилик калдыктарын иргеп таштоочу атайын пункттар Курманжан датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыктарында ачылды.
Белгилей кетсек, буга чейин шаар аймагында көп кабаттуу үйлөрдүн жанында 7 таштанды ылгоочу аянтчалар курулуп, пайдаланууга берилген.
"Урматтуу Ош шаарынын тургундары таштандыларды иргеп таштоо менен тазалык кызматкерлеринин таштандыны кайра иштеп чыгаруу жумушун жеңилдетесиздер. Мындан ары тамак-аш калдыгы ташталган урнага айнек, желим, кагаз жана башка акыр-чикир аралашып ташталбайт. Калдыктар өз-өзүнчө бөлүнүп, тиешелүү урналарга салынат", - деп айтылат маалыматта.