Ош шаарында “Кылыч-Буркан” көрүстөнүнүн аймагы жаңыланууда

Аймак Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 16:05
WhatsApp Image 2026-07-27 at 15.55.33.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Шамшат көчөсүндө жайгашкан эски “Кылыч-Буркан” көрүстөнүнүн аймагында рекультивация иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган көрүстөнгө акыркы жолу 1992-жылы сөөк коюлган. Учурда бул жерде рекультивациялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Атап айтканда, иштер узундугу 3 чакырым 200 метрди түзгөн эстакадалык көпүрөнү куруу жана жолду кеңейтүү долбоорунун алкагында аткарылууда.

Долбоор Евразия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат.