Ош шаарында дагы бир сейил бак пайдаланууга берилди

Аймак 148 18 Август 2026 10:20
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарындагы Төрөбек Абакир уулу көчөсүндөгү жаңы эс алуу жайы пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ал Увам каналынын боюна курулуп, аянты дээрлик 1 гектарды ээлейт.

Ачылыш аземге мэр Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, шаардык кеңештин депутаттары, тургундар катышты.

Белгилей кетсек, буга чейин Жанарбек Акаевдин тапшырмасы менен Увам каналынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынып, каналдын корук зонасы бошотулган.

Жаңы парк тургундар үчүн ыңгайлуу шарттары менен курулуп, өзгөчө дизайн менен жасалган.