Ош шаарында дагы бир көчөнү оңдоп-түзөө иштери башталды

Аймак Загрузка... 09 Июнь 2025 10:20
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек 09.06.25 /Кабар/. Ош шаарында Жумабаев көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу Жумабаев көчөсү 8-июнь саат 18:00дөн тарта унаа кыймылы үчүн толук жабылды.

"Ыңгайсыздыктарды туура кабыл алуу менен, алдын ала башка багыт боюнча пландап алууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.