Ошто Аял-режиссерлордун VII эл аралык кинофоруму өтөт

Маданият Загрузка... 01 Декабрь 2025 14:28
Постер.jpg
copyright icon Кыргызстандын аял-режиссерлорунун кинофоруму дирекциясы

Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. 2-5-декабрь күндөрү Ош шаарында Аял-режиссерлордун VII эл аралык кинофоруму өтөт. Бул тууралуу аталган кинофорумдун дирекциясынан билдиришти.

Кинофорум актриса, КР эл артисти Гүлсара Ажыбековага жана Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу программасын колдоого жана Эл аралык тоолор күнүнүн урматына арналат.

Иш-чара экологиялык жана билим берүү багыттарынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, климат, жаштар жана тоолуу аймактардын өз ара байланышын жактайт.

Форумдун ачылышы жана жабылышы Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда өтүп, ал эми тасмалар "Семетей" кинотеатрында көрсөтүлөт.

Быйыл жетинчи жолу уюштурулуп жаткан кинофорум Кинематография департаментинин жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин каржылык колдоосу, ошондой эле ОшМУнун көмөгү менен өткөрүлүп жатат.

Кинофорумда эки программа боюнча 25 тасма көрсөтүлөт:

  1. “Айымдардын көз карашы” программасында Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан айымдар тарткан 16 тасма көрсөтүлөт.
  2. “Экологиялык жана социалдык активизм” программасында 9 тасма көрсөтүлөт. Быйыл алгач ирет кинофорумдун программасына экология темасындагы фильмдердин программасы кошулуп жатат.