Бишкек, 25.11.25 /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында казак эл акыны Абай Кунанбаев атындагы музейдин ачылышы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ошондой эле жаңыдан оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эки көчө бириктирилип казак эл акынынын ысымы берилди. Көчөнүн башына Абай Кунанбевдин эстелиги орнотулду.
2858 чарчы метр аянтты ээлеген скверде музей курулуп, эстелик орнотулду. Аны менен катар отургучтар коюлуп, брусчатка басылып, жарыктандыруу жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.
Көчөнүн башталышына орнотулган Абай Кунанбаевдин эстелиги жана жаңыдан курулган сейил бак – жөн гана архитектуралык объект эмес. Бул – боордоштуктун эстелиги, көркөм баалуулуктун символу, жаш муун үчүн тарбия аянты.