Бала бакча - келечекти куруунун башаты. Ош шаарында 60 орундуу заманбап бала бакча ачылды

Аймак Загрузка... 25 Апрель 2025 16:27
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыгында № 88 "Аалам - нуру" бала бакчасы ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылышына мэр Жеңишбек Токторбаев катышты.

Шаар башчысы сөз сүйлөп жатып, ар бир бала – бул үмүт, келечек, эгемен мамлекетибиздин таянычы экенин белгилеп, бала бакчанын курулушуна салым кошкон бардык тараптарга жана колдоочу мекемелерге ыраазычылыгын билдирди.

Мектепке чейинки 2 кабаттуу мекеменин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2021-жылы башталган. Бүгүнкү күндө бала бакчанын ички жана сырткы жасалгалоо иштери толугу менен аяктап, зарыл жабдуулар менен камсыз болгон.