Билим берүү уялары көбөйүүдө: Ошто дээрлик 20 жаңы мектеп салынып жатат

Аймак 153 17 Август 2026 16:30
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Ош шаарында 20га жакын жаңы мектеп жана кошумча корпус курулууда. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Быйыл президент Садыр Жапаров шаарда 10 жаңы мектептин курулушуна старт берген. Анын ичинде №2 Салижан Жигитов атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушуна мамлекет башчысы өзү катышкан.

Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен дагы 7 мектептин кошумча корпусу курулуп, айрымдары пайдаланууга берилди. Калган объектилерде курулуш иштери уланууда.