Оштогу 10 жаңы мектеп: Министр курулуш иштерин жеринде текшерди

Аймак 652 16 Март 2026 09:51
651724267_1436894114576300_2528294032707588607_n.jpg
651614828_1436894374576274_6561157593812357167_n.jpg
651574315_1436894291242949_1183939526238325341_n.jpg
652672660_1436894104576301_683022622079230468_n.jpg
Алдыга
Артка
651724267_1436894114576300_2528294032707588607_n.jpg
651614828_1436894374576274_6561157593812357167_n.jpg
651574315_1436894291242949_1183939526238325341_n.jpg
652672660_1436894104576301_683022622079230468_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Ош шаарында республикалык бюджеттин эсебинен 10 мектептин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, министр Нурдан Орунтаев жаңы мектептердин курулушун текшерди. Анда ал объекттердин курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу жана өз мөөнөтүнөн кечиктирбөө талабын койду.

Республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан мектептер:

  • Озгур айылындагы №33 С. Алымкулов атындагы орто мектебинин аймагына 375 орундуу кошумча окуу корпусу.
  • Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы мектебинин аймагына 750 орундуу кошумча окуу корпусу.
  • Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы №2 Салижан Жигитов мектебинин аймагына 1000 орундуу мектеп.
  • Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгындагы №3 М. В. Ломоносов атындагы орто мектебинин аймагына 750 орундуу мектеп.
  • Төлөйкөн айыл аймактык башкармалыгындагы №26 жер тилкесине 700 орундуу жаңы мектеп.
  • Кызыл-Кыштак айыл аймактык башкармалыгынын Ишкаван айылында жайгашкан жер тилкесине 700 орундуу жаңы мектеп.
  • Кызыл-Кыштак айыл аймактык башкармалыгында мектепке каралган жер тилкесине 500 орундуу мектеп.
  • Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгында №38 Барпы Алыкулов атындагы орто мектебинин аймагына кошумча окуу корпусу.
  • Кызыл-Кыштак айыл аймактык башкармалыгынын Эне-Сай жаңы конушуна 1200 орундуу жаңы мектеп.
  • Кызыл-Кыштак айыл аймактык башкармалыгындагы жер тилкеге 500 орундуу жаңы мектеп.

Белгилей кетсек, быйыл республикалык бюджеттин эсебинен бүгүнкү күндө Бишкекте 20, Ош шаарында 10 жана Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу жүрүүдө.