Ош шаарына Өзбекстандан дагы миң даана көчөт алынып келди

Коом
Ош шаарына Өзбекстандан дагы миң даана көчөт алынып келди
copyright icon Ош мэриясы

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Ош шаарына Өзбекстандан дагы миң даана көчөт алынып келинди.

Мэриядан билдиришкендей, көчөттөр быйыл оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн көчөлөргө отургузулууда.

Өткөн жумада да миң түп чынар теректин көчөттөрү бир нече көчөлөргө тигилген.

Учурда көчөт отургузуу иштери Күрөңкеев, Жунусов, Пржевальский жана башка бир катар көчөлөрдө уланууда.