Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. Ош шаарында 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата тургундарды көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жыйында калктын көмүргө болгон муктаждыгын толук камсыздоо, көмүрдү алдын ала жетиштүү көлөмдө камдоо жана өз убагында жеткирүү маселелери каралды.
Ошондой эле көмүрдүн баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө жана баалардын туруктуулугун сактоо боюнча чаралар талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү тараптарга шаар тургундарын кыш мезгилинде көмүр менен камсыздоо боюнча биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгү белгиленди.